Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

Быйыл президентке 600 бала кат жазды


Президенттик балаты. 26-декабрь, 2018.
Президенттик балаты. 26-декабрь, 2018.

Ушул жылы 600 бала президент Сооронбай Жээнбековго кат жазды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна президенттик апараттын өкүлү Кыял Жанызакова билдирди. Анын айтымында, өлкө башчыга кат жазган балдардын саны соңку үч жылда көбөйгөн.

- Бири батир сурайт, дагы бири китеп же оюнчук сураган. Алар өлкө башчыны Аяз ата катары көрүшөт. Колдон келишинче кыялдарын аткарганга аракет кылдык.

Бүгүн, 26-декабрда Улуттук филармонияда президенттик балаты майрамы өтүп жатат. Ага өлкөнүн ар кайсы аймагынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган 1100 окуучу, Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары катышууда.

Быйылкы балаты майрамында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылып көрсөтүлдү. (КЕ/AiA)

XS
SM
MD
LG