Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү


Кыргызстандагы yан азыктарын өндүргөн ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы yан азыктарын өндүргөн ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча өзүнчө комитет түзүлдү. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жарлыкка ылайык, комитетти мамлекет башчы өзү жетектейт. Анын орун басары - вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Комитетке Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкердик менен алектенген бир катар ишканалардын жетекчилери, эксперттер мүчө болушат. Жарлыктын аткарылышын президенттин аппараты көзөмөлдөйт.

Комитет өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн. Анын ишин финансылык камсыздоо президенттик аппараттын бюджетинин жана Кыргызстандын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөрү белгиленген.

Комитет мамлекеттик саясатты талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоого жана тиешелүү мекемелерге сунуш берүүгө, бул тармакты илгерилетүү үчүн жумушчу топторду түзүүгө укуктуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG