Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Декларацияны туура эмес толтурган 500дөй аткаминер жазаланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда декларациясын туура эмес толтуруп тапшырган 500дөн ашуун мамлекеттик кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылды.

Алардын арасында район акимдери, мэрлер, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана соттор да бар. Бул тууралуу 26-декабрдагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкарбек Акназаров билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 1,5 миңдей мамлекеттик кызматкер кирешеси жана чыгашасы тууралуу декларацияны мөөнөтүнөн кечигип тапшырган.

Салык кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

Аткаминерлердин декларациясында көбүнчө мүлкү, жер тилкелери, банктык эсептери жана автотранспорттук каражаттары боюнча маалыматтар бири-бирине дал келбеген учурлар аныкталган.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөн жагдайлар чыкканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG