Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Баткен облусунун акимчилик жамааты жаңы жылдык кече өткөрбөй турган болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун акимчилик жамааты жаңы жылдык кече өткөрбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облустук акимчиликтин жамааты жаңы жылдык кече үчүн чогулган акчаны кайрымдуулукка жумшоо боюнча атайын жыйын куруп талкуулап, макулдашылды.

Жамаат жаңы жылдык кече өткөрүү үчүн топтолгон каражатты боор оорусу менен жабыркап, чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж болгон 31 жаштагы Улан Исаевге жана Гожомбай Айдаровго жардам көрсөттү. (JsA)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG