Кыргыз өкмөтү “Дени сак адам - өнүккөн өлкө” программасына тиешелүү токтом кабыл алды.
Программанын талаптарын ишке ашыруу 2030-жылга чейинки аралыкты камтыйт.
Долбоордун алкагында ооруканалардын инфраструктурасын жакшыртуу, “Тез жардам” жана лабораториялык кызматтарды оптималдаштыруу сыяктуу маселелер чечилет.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен азыр биргелешип иштеп, бюджеттен бөлүнгөн акчаны сарамжал пайдалануу боюнча бирдиктүү план иштелип чыкты.
Ага ылайык, саламаттыкты сактоо тармагына эки булактан каражат бөлүнөт. Бири - министрликтен, экинчиси - милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан.
Маалыматка караганда, быйыл Талас облусунун Аманбаев айылында 55 млн. сомго 25 орундуу чакан оорукана, ал эми Ош облусунун Алай районунда эки үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулуп ишке берилди.