Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

“Тумар” бий тобу "America’s Got Talent" долбооруна катышат


Мухаммедкалый Абылгазиев “Тумар” тобу менен.
Мухаммедкалый Абылгазиев “Тумар” тобу менен.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандык бийчи-спортчулардын “Тумар” тобуна "America’s Got Talent" теледолбооруна катышуу үчүн 300 миң сом колдоо көрсөттү.

Өкмөт башчы 26-декабрда Эрмек Кадыров башында турган топтун мүчөлөрүн кабыл алып, жаштар арасында заманбап бийлерди жайылтуудагы салымын белгиледи. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Абылгазиев өжөрлүгү жана чеберчилиги аркылуу өлкөнү эл аралык сынактарда татыктуу көрсөтүп, Кыргызстандын атын чыгарып келаткан бийчилерге ийгилик каалады.

2016-жылы “Тумар” тобу Словакияда өткөн таланттар сынагында үчүнчү орунду ээлеген.

Майып улан-кыздардан куралган кыргызстандык “Тумар” тобу сынакка “Кыял” аттуу бий менен катышкан. (КE)

XS
SM
MD
LG