Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Мексикада оппозициячыл губернатордун өлүмү иликтене баштады


Марта Эрика Алонсо жана Рафаэль Морено Валье Росас менен коштошуу зыйнаты
Марта Эрика Алонсо жана Рафаэль Морено Валье Росас менен коштошуу зыйнаты

Мексика бийлиги оппозициячыл губернатор Марта Эрика Алонсо жана анын жолдошу, сенатор Рафаэль Морено Валье Росастын өмүрүн алган авиакырсыктын себептерин иликтей баштады. Алар менен коштошуу зыйнаты шейшембиде Пуэбл шаарында өттү.

45 жаштагы Алонсо жана анын күйөөсү Валье Росас бараткан тик учак дүйшөмбүдө кырсыкка учураган. Ичиндеги беш кишинин баары мүрт кеткен. Тик учак Пуэбл шаарынан баш калаа Мехикого бараткан.

Алонсо декабрдын башында Пуэбл штатынын губернатору болуп шайланган. Президент башында турган бийликтеги "Улуттук биримдик кыймылы" аны шайлоо жыйынтыгын бурмалады деп айыптаган.

Соңку жылдары Мексикадагы авиакырсыктарда бир нече жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү, анын ичинде эки ички иштер министри курман болушкан. Алар да Марта Эрика Алонсо менен бирге оппозициячыл партияда болушкан.

XS
SM
MD
LG