2018-жылдын 25-декабрынан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн “Ак-Таш” (Кыргызстан) – “Бирлишкен” (Өзбекстан) өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. Буга байланыштуу макулдашууга 18-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Ариповдун эки өлкө облус жетекчилеринин кеңешиндеги сүйлөшүүлөрдө жетишилген.
“Ак-Таш” жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат.
Өткөрмө пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен түзгөн келишим боюнча 2013-жылдан 2015-жылга чейин айылга азык-түлүк продуктуларын, медициналык дары-дармектерди, күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жер семирткичтерди жана башкаларды ташуу улантылган. Буга чейин Барак эксклавынын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн мамлекеттик чек араны 150 чакырымды түзгөн “Кызыл-Кыя-унаа жол” көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өтүүгө мажбур болушкан. Ош шаарына чейин жетүү үчүн жалпысынан 300 км жол жүрүү зарыл болгон.
“Ак-Таш” жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту аркылуу өлкөнүн негизги аймагына өтүү үчүн 1 чакырымдан ашык жүрүү зарыл. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өткөрмө пункту күн сайын саат 9дан 19га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат. (КЕ)