Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Кытайда төңкөрүш аракетине айыпталган укук коргоочунун соту башталды


Ван Куанжаңды бошотууну талап кылган активист. 13-июль, 2018-жыл.
Ван Куанжаңды бошотууну талап кылган активист. 13-июль, 2018-жыл.

26-декабрда Кытайда адвокат жана укук коргоочу Ван Куанчжаңдын соту башталды. Анын иши Тянжин шаарында, катуу кайтаруудагы сот залында каралып жатканын "Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлады.

Вандын тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушту. "Мен Ван Куанжаңды колдойм! Бир партиянын жеке басар бийлигине каршымын! Ван Куанжаңды бошоткула!" деп кыйкырып турду колдоочуларынын бири, активист Ян Чунлин.

"Мен саясий реформаны, партиялар шайланып келишин талап кылам. Жарандардын укуктары сакталышын талап кылам. Адам укуктары урматталышын жана ички чыр-чатактар болбошун талап кылам" деп жаткан жеринен аз өтпөй полиция Чунлинди жана дагы бир активистти кармап кетти.

Вандын аялына, журналисттерге жана Германия, АКШ, Швейцария, Британиянын дипломаттарына сотко катышууга уруксат берилген жок.

Укук коргоочу Ван Куанжаң үч жыл мурда кармалганына карабастан анын соту эми гана башталды. 42 жаштагы Ван коммунисттик партиянын ачык сынчыларынын укуктарын коргоп келген. 2015-жылы кармалган 200дөн ашуун адвокаттын жана укук коргоочулардын бири. Ван мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылган деген айып менен кармалган. Эми ага өмүр бою абак жазасы чегерилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG