Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Казакстандык модель зомбулукка кабылганын айтып чыкты


Динагүл Тасова
Динагүл Тасова

Казакстандык модел, Жаштар парламентинин депутаты Динагүл Тасова көкүрөгү көрүнгөн тор көйнөк кийип, мода көрсөткөндөн кийин зомбулукка кабылганын айтып чыкты. "Инстаграмдагы" баракчасына Тасова көрсөтмөдөн кийин социалдык тармактарда аны айыптаган, сындаган билдирүүлөр абдан көп жазылганын, мындан улам жигити аны көгала кылып токмоктоп, телефону менен компьютерин тартып алганын жазды.

Казакстандык дизайнер Дана Дуйсенбаеванын көрсөтмөсү 30-ноябрда Astana Fashion Night мода жумалыгынын алкагында өткөн.

“Сүрөттөрдөн кимдир бирөө кооз көйнөктү көрсө, айрымдары жылаңач денемди көрүп туруп алышты. Мен Казакстанда модага ушундай мамиле жасайт деп ойлогон эмесмин” - дейт модель Тасова.

XS
SM
MD
LG