Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:36

Казакстандын тышкы иштер министри алмашты


Кайрат Абдрахманов
Кайрат Абдрахманов

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген жүйө менен кызматтан алынды.

Президент Нурсултан Назарбаев анын ордуна буга чейин Коргоо жана аэрокосмикалык өнөр-жай министрлигин жетектеп келген Бейбут Атамкуловду дайындады.


Ал эми Атамкуловдун ордуна Аскар Жумагалиев келди. Бул кызматты ал вице-премьер-министр кызматы менен кошо аркалайт.

Казакстанда индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги түзүлүп, анын жетекчилигине дагы бир өкмөт мүчөсү Женис Касымбек бекитилди.

XS
SM
MD
LG