Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Орусия жаңы ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү


"Авангардды" сыноо учуру.
"Авангардды" сыноо учуру.

Орусия "Авангард" деп аталган жаңы ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Өлкө президенти Владимир Путин Москвада Коргоо министрлигиндеги байкоо бөлмөсүндө көз салып отуруп, сыноо аяктагандан кийин бул окуя “улут үчүн эң мыкты Жаңы жылдык белек” болгонун айтты.

- Сыноо, дагы бир кайталайын, ийгиликтүү өттү. Келерки 2019-жылдан тартып Орусиянын куралдануусу континент аралык стратегиялык “Авангард” системасы менен толукталат.

Ракета Урал тоолорунун түштүк тарабынан учурулуп, 6000 чакырым аралыкты өтүп, Камчаткага жетти.

Путин «Авангард” ыктымал душмандардын ракетага каршы кайсы гана каражаты болбосун, баарына туруштук бере аларын кошумчалады.

Быйыл март айында өткөн пресс-конференцияда орус президенти АКШнын ракетадан коргонуу жөндөмүн бекемдөө аракеттеринен улам Орусия өз куралын иштеп чыкканын айткан. Анда ал «Авангард» бир континенттен экинчисине жете аларын жана добуштукунан 20 эсе жогору ылдамдыкта учарын билдирген.(RK)

XS
SM
MD
LG