Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Өмүрбек Бакиров ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Музаффар Исаковдун ордуна келди.
Өмүрбек Бакиров буга чейин «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. (КЕ)