Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:10

Египеттин мурдагы президенттери сот залында жолугушту


Мурдагы президент Мухаммед Мурси.
Мурдагы президент Мухаммед Мурси.

Шаршемби күнү Мухаммед Мурсинин иши боюнча Каирдеги соттук териштирүүдө Хосни Мубарак күбө катары көрсөтмө берди. Мурдагы президент Мурси жана башка “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөлөрү 2011-жылдын башында “Араб жазы” окуяларынын маалында "полиция кызматкерлерин өлтүрүшкөн", "камактан качышкан" жана "башамаландыкка жол беришкен" деп айыпталып жатышат.

Бул окуялардан улам өлкөнү отуз жыл башкарган Хосни Мубарактын бийлиги кулатылып, өлкө башына “Мусулман агайындар” келген.

90 жаштагы Мубарак 26-декабрда сотто жасаган билдирүүсүндө аталган кыймылга Египетке Газа тилкесинен өткөн 800дөй киши чоң салым кошконун айтты.

Ошол эле маалда экс-президент мамлекеттик коопсуздукка тиешелүү суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, буга Египеттин азыркы бийлигинин уруксаты керектигин кошумчалады.

Соттук жараян бир айдан кийин уланат. (EzK/KKs)

XS
SM
MD
LG