Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Талас университетинде кыргыз-түрк факультети ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас университетинде кыргыз-түрк факультети ачылат. Буга байланыштуу эки тараптуу келишимге 26-декабрда Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов жана Түркиянын Кастамону университетинин ректору Сейит Айдын кол коюшту. Келишимге ылайык, Кастамону университети Талас мамлекеттик университетинин базасында талапка жараша бөлүмдөрдү ачат. Факультеттеги билим берүү төрт жылдык бакалавр системасы боюнча түзүлөт. Болочок студенттер Кыргызстандын жана Түркиянын дипломдорун алышат.

Талас мамлекеттик университети юридикалык субъект катары юстиция органдарында 2000-жылы каттоодон өткөн. Учурда университеттин түзүмүнө үч факультет, аралыктан билим берүү технологиялар борбору жана кесиптик орто билим берүү бөлүмү кирет. Ал эми Түркиядагы Кастамону университети 2006-жылы курулуп, курамында 13 факультет, эки институт, 13 кесиптик жогорку окуу жай бар. (ElB)

XS
SM
MD
LG