Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:35

Ысык-Атада күйөөсү аялын атып алды


Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылында күйөөсү атып алган келин ооруканага жаткырылды. Ал өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова кабарлады. Маалыматка караганда, 25-декабрда А.В. аттуу 35 жаштагы адам достору менен спирт ичимдигин ичип отуруп, куралдан ок чыгарган. Натыйжада ок аялынын көкүрөгүнө тийген.

- Учурда ок кандай куралдан атылганы такталып жатат. Кылмышка шектүү убактылуу тергөө абагына камалып, экспертиза дайындалды.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG