Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү катары акча алуу жеңилдейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, азыркы кезде сүйүнчүнү алыш үчүн ата-эненин паспортунан тышкары банктык эсептин реквизиттери талап кылынууда. Ал эми келерки жылдын 1-мартынан баштап паспорттор гана керек болот.
- Баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы Мамлекеттик каттоо кызматына барганда эле ата-эне эгер сүйүнчү пул ала турган болсо, ошол жердеги кызматкерге айтат. Ал ата-энесинин паспортунун негизинде эле арызды өзү толтуруп, бизге онлайн режимде маалымат жөнөтөт. Биз азыр өзүбүздө болгон процедураларды өзгөртүп, эки күндүн ичинде төлөп бергидей кылганы жатабыз, - деди ал.
Министр Кочкоровдун айтымында, учурда мындай ыкма пилоттук негизде Бишкекте жана Сокулук районунда иштеп жатат. Банктан эсеп ачуу талап кылынбайт. Ата-эне акчаны эки күндүн ичинде каалаган банкынан же картасына ала алат.
2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага 4 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү чегерилип келе жатат. Азыркыга чейин 103 миң 553 балага төлөндү. Бул үчүн мамлекеттик казынадан жалпысынан 365 миллион 800 миң сом бөлүндү. (RK)