Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

РУСАДА: Орус спорту туңгуюкка кептелди


Юрий Ганус.
Юрий Ганус.

Орусиянын Кызытмага каршы агенттиги (РУСАДА) өлкө президенти Владимир Путинге кайрылып, орус спорту “туңгуюкка кептелгенин” билдирди. Мекеменин жетекчиси Юрий Ганус белгилегендей, буга орус тарап Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (ВАДА) эксперттерин Москвадагы лабораторияга жолотпой жатканы себеп болууда.

- Биз түпсүз жарга кулай турган абалдабыз. Таза спорттун бүгүнкүсүн жана эртеңин, азыркы жана келечектеги спортчуларды коргоп бериңиз, - деп кайрылды Ганус мамлекет башчысы Владимир Путинге.

Анын айтымында, орусиялык спортчулар эл аралык турнирлерге катышуу жана Орусияда ири спорттук иш-чараларды өткөрүү укугунан ажыратылышы ыктымал болуп турат.

Жакында ВАДА уюмунун адистерине Москвадагы лабораторияда сакталып туруучу материалдар менен таанышууга “силердин жабдык Орусияда сертификациядан өткөн эмес” деген негизде мүмкүнчүлүк берилбей койгону кабарланган.

Төрт жылдык дисквалификациядан кийин быйыл сентябрь айында РУСАДА уюмунун ВАДАдагы мүчөлүгү калыбына келтирилген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG