Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:35

Баланы зордуктоо үчүн жазаны күчөтүү талабы коюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте балдардын укуктарын коргоого арналган акция өтөт. Анын уюштуруучусу, жарандык активист Адилет Али Мыктыбек “Азаттыкка” билдиргенине караганда, балдарды зордуктаган кылмышкерлердин жазасын күчөтүү талабы коюлат.

Жогорку Кеңештин алдында өтө турган акцияны уюштурууга шаардык бийлик уруксат берди.

“Балдарга жыныстык зордук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүү жана өлүм жазасына мораторийди алып салуу керек” дейт активисттер.

Жакында укук коргоочулар наристелерди зордуктагандардын аракетин талдап, мындай кылмышка көп учурда бала менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары бара турганын иликтеп чыккан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын 106сы жыныстык мүнөздө болгон. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG