Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Финпол: Адамкул Жунусов Кыргызстанга жеткирилди


Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келгенде тартылган сүрөт.
Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келгенде тартылган сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткан мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.

- Буга чейин Азербайжанда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов бүгүн, 28-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилди. Ушул жылдын декабрь айында кыргыз жараны Адамкул Жунусовду Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча Финансы полициясы жана Башкы прокуратура менен Интерполдун ортосунда сүйлөшүү болгон, - деди Пискур.

10-декабрда Азербайжандын соту Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадиция кылуу жөнүндө чечим чыгарган. Декабрдын башында Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөнүн жазып чыккан.

Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Финансы полициясы Адамкул Жунусовго август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG