Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы 29-декабрда Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан "Асанбай борборунда" концерт берет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар программасынын басма сөз өкүлү Мериза Эмилбекова кабарлады:
- Негизинен концертке өспүрүм курактагы жаштар катталып жатышат. Азыр каалоочулардын саны 1200дөн ашты. Концерт акысыз болот. Ар бир ырынын алдында Зере чыгып, ыр эмнеден улам жаралганы тууралуу кыска монолог айтат. Зеренин ырларынын мазмуну аялдардын укуктарына арналган.
Буга чейин Зере Индияга кетип жатканын, ал жакта мектепте ыктыярчы болуп иштей турганын, бирок Кыргызстанга кайтып келерин билдирип, "Фейсбуктагы" өз баракчасына пост жазган.
Анын адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби быйыл күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны "өлтүрүп кетебиз" деп коркутушкан.
Зеренин атасы, белгилүү педагог адис Асылбек Жоодонбеков милицияга кайрылган. (KR)