Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32

“Коопсуз шаар”: Бишкекке беш камера коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Бишкектин Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине 27-декабрда беш камера коюлду. Учурда алар тесттик режимде иштеп жатат.

Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев долбоорду жеңип алган "“Вега" радиокуруу концерни" компаниясы аткарып жаткан иштер тууралуу “Азаттыкка” маалымат берди.

- Компания азыр бир жолдун кесилишине, автоунаалар катуу ылдамдыкта жүрүүчү дагы бир жолдо тесттик иштерди жүргүзүп жатат. Жабдуу мындан бир жума мурун эле келе баштаган. Учурда 10 кесилиш менен 17 чоң трассага коюлуучу техника турат. Алар да орнотулат, - деди Шаршембиев.

4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык "“Вега” радиокуруу концерни" утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Кийин сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" ишканасы "“Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган" деп арыз жазган. Бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, тендерде утуп алган орусиялык "Вега" компаниясы "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.

1-ноябрда Бишкектин район аралык соту “Коопсуз шаар” долбоору боюнча көз каранды эмес комиссиянын чечимин жокко чыгарган. Бул аркылуу сот Орусиялык “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Тиешелүү келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG