Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Сирияда кайрадан өз элчилигин ачты. Бул тууралуу "Reuters" маалымат агенттиги кабарлады. "France-Presse" агенттиги билдиргендей, БАЭнин ишенимдүү өкүлү Дамаскта иштей баштады.
Расмий Абу-Даби 2011-жылы Сирияда президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы нааразылык акциялары башталганда жана Араб мамлекеттер лигасы Дамасктын уюмдагы мүчөлүгүн токтоткондо өз элчисин чакыртып алган. 2012-жылдын февраль айында Бириккен Араб Эмираттары Сирия менен дипломатиялык алакасын үзгөн.
Элчиликтин кайра ачылышы Сирия менен чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катыш жанданган учурга туура келди.
16-декабрда Судандын президенти Омар ал-Башир Дамаскка келип кеткен. Ага удаа эле 19-декабрда Тунистин президенти Бежи Каида ас-Себси Араб мамлекеттер лигасынын 2019-жылдын март айында өтө турган жыйынына президент Асадды чакыруу маселесин башка лидерлер менен талкуулай турганын билдирген.