Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Крымды Украинадан бөлүп турган тосмо курулуп бүттү


Быйыл май айында Орусияны Крым менен байланыштырган Керч көпүрөсү ачылган.
Быйыл май айында Орусияны Крым менен байланыштырган Керч көпүрөсү ачылган.

Орусия Крым жарым аралын Украинанын аймагынан бөлүп турган 60 чакырымдык тосмону куруп бүттү. Бул тууралуу Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара мекемесинин Крымдагы башкармалыгы 28-декабрда билдирди. Алардын маалыматында "барьер" деп аталган "инженердик-техникалык комплекстер" курулуп бүткөнү белгиленген.

Орусиянын маалымат каражаттары Крым жарым аралы менен Украинанын Херсон облусунун ортосундагы тосмо сенсорлор жана көзөмөл камералары жабдылганын чек арачыларга шилтеме кылып кабарлашты. Бул тосмо "диверсиялык аракеттерди, кылмыштуу топтор тескеген курал-жарак, баңгизат, күйүүчү май сыяктуу айрым заттардын аткезчилигинин алдын алууну" көздөй тургандыгы айтылды.

Москва 2014-жылы, Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Москва Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына туш болгон. Крымды Украинадан бөлүп турган тосмонун курулушу 2015-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG