Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Сот Музаффар Исаковду жети жылга шарттуу кести


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков.

Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду үч жылдык сынак мөөнөтү менен жети жылга шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыратты. Мындай чечимди сот бүгүн 28-декабрда кабыл алганын укук коргоочу Анарбай Орозов "Азаттыкка" билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну өтүнгөн.

Экс-депутат менен чогуу айыпталып жаткан райондук архитектуранын жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерине карата да үч жылдык шарттуу мөөнөт берилди.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.

Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген.

Тергөөдө жарандар жер тилкелерин 1500-3000 доллардан сатып алышканын билдирген. Исаков менен кошо дагы сегиз адамга кылмыш иши ачылган. Ишти Сузак райондук соту карады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-декабрда Исаковдун жазган арызынын негизинде аны депутаттык мандаттан ажыраткан. (RsK)

"Азаттык" быйыл жайында Музаффар Исаков сатканы кабарланган жердин чоо-жайын иликтеген:

XS
SM
MD
LG