Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Француз карыя Атлантиканы челектин ичинде сүзүп өткөнү жатат


Жан-Жак Савен челек сымал капсуланы жасап жаткан учур. 15-ноябрь, 2018-жыл.
Жан-Жак Савен челек сымал капсуланы жасап жаткан учур. 15-ноябрь, 2018-жыл.

71 жаштагы француз жараны Жан-Жак Савен атайын жасалган чоң челек менен Атлантика океанын сүзүп өтүүнү көздөп жатат. Ал 26-декабрда Испаниянын Канар аралдарынан Түндүк Америкадагы Кариб аймагын көздөй жолго чыкты.

Ал 4500 чакырымдык аралыкты үч айда сүзүп өтөт. Узундугу үч метр, туурасы 2,1 метр келген челек океандын агымын кармап, алга жылууга ылайыкташкан. Бул капсула калың фанерадан жасалып, сырты чайыр менен капталган.

Капсуланын ичинде чакан ашканасы, жата турган керебети бар. Саякатчы карыя катуу толкундар башталганда коопсуздук кемерин курчанып алса болот. Ошондой эле бул капсула багытты аныктоого жана ачык океанда маалымат жыйноого жардам берген жандооч байланышы менен да камсыздалган.

Буга чейин Атлантика океанынан жел кайык менен сүзүп өткөн Жан-Жак Савен бул жолку саякаты тууралуу "Фейсбуктагы" барагы аркылуу байма-бай маалымат берип турууга убада берди.

XS
SM
MD
LG