Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

Путин кастыкты козуткандарга жазаны жеңилдеткен мыйзамга кол койду


Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин коомчулук арасында, маалымат каражаттарында жана Интернетте кастыкты козуткандарга жазаны жарым-жартылай жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Ага ылайык, "улуттар жана диндер аралык кастыкты козутуу" жана "коомчулукта ажырым пайда кылуу" сыяктуу беренелер боюнча биринчи жолу айыпталган адамдар мурдагыдай кылмыш эмес, административдик жоопкерчиликке гана тартылат. Андай адамдарга айыппул салынат же алар коомдук жумушка тартылат. Эң көп дегенде 15 күнгө гана камалышы мүмкүн.

Бирок эгер айыпталуучунун аракети зомбулук, опуза менен коштолсо же мындай кадамга расмий кызматкер же адамдардын тобу барса, анда биринчи жолу айыпталып жаткандар да алты жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Путин тиешелүү өзгөртүүлөрдү октябрь айында сунуш кылып, мыйзам долбоорун орус парламенти өткөн аптада жактырып берген. Буга чейин Орусияда көпчүлүк сатирикалык же эч зыяны жок деп эсептеген билдирүүлөрү үчүн ондогон социалдык тармактардын колдонуучулары жоопко тартылган эле.

XS
SM
MD
LG