Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Укук коргоочу экс-депутат Исаковго чыккан сот өкүмүнө арызданат

Музаффар Исаков.
Музаффар Исаков.

Жалал-Абад облусундагы укук коргоочу Анарбай Орозов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков боюнча Сузак райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы облустук сотко арызданат. Ал Исаковдун иши анын жазган арызынын негизинде сотко өткөнүн айтып, райондук соттун чечимине нааразы экенин билдирди.

- Өкүм туура эмес чыкты. Тоок уурдаганга тогуз жыл берилип, мамлекеттин, элдин акысын жеген адам үч жылга шарттуу кесилди. «Шарттуу” деген сөз үч күндөн кийин бүтө турган нерсе. Мамлекет коррупция менен күрөшпөй эле, "кызмат абалынан пайдалангандар элди жесе боло берет экен” деген түшүнүк болуп калды. Эми мен облустук сотко кайрылам, - деди Орозов.

Сузак райондук соту бүгүн, 28-декабрда Музаффар Исаковду жети жылга үч жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыраткан.

Экс-депутат менен чогуу айыпталган райондук архитектура кызматынын үч кызматкери жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери да шарттуу кесилген. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Буга чейинки соттук отурумда прокурор Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну өтүнгөн.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.

Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген.

Тергөөдө жарандар жер тилкелерин 1500-3000 доллардан сатып алышканын билдиришкен. Исаков менен кошо дагы сегиз адамга кылмыш иши ачылган. Ишти Сузак райондук соту карады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-декабрда Исаковдун жазган арызынын негизинде аны депутаттык мандаттан ажыраткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG