Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:15

Монголияда бийликке каршы ири акциялар өтүп жатат

Улан-Батордогу митинг. 27-декабрь, 2018-жыл.
Улан-Батордогу митинг. 27-декабрь, 2018-жыл.

Бейшемби күнү жыйырма градустук суукка карабай, баш калаа Улан-Батордун борборуна түмөндөгөн адамдар чыкты. Митингдин уюштуруучулары акцияга 25 миңдей адам чогулганын маалымдашты. Алар бийлик бутактарындагы кызмат орундары сатылып жатканын айтып, буга каршылык билдирип жатышат.

Ошондой эле алар парламент спикери Мийегомбина Энхболддун кызматтан кетишин талап кылышты. Нааразылык акциясына чыккандар аны парламенттеги орундардын сатылышын тескеген коррупциялык схеманын башкы уюштуруучусу деп эсептешет. Алар Энхбол мамлекеттик кызмат орундарын миллиондогон долларга сатканын айтышууда.

Саясатчы өзү бул дооматтардын баарын четке кагып жатат. Демонстранттардын арасында парламент депутаттары да бар. Алар көчөгө чыккандан тышкары, парламент сессияларын да бойкоттоп жатышат.

Көп жылдар бою Советтер Союзунун өнөктөшү деп эсептелген Монголия 1990-жылы парламенттик башкарууга өткөн.

XS
SM
MD
LG