Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Яковенко: Орус-британ дипломаттарынын иши жанданат


Орусиянын Британиядагы элчиси Александр Яковенко.
Орусиянын Британиядагы элчиси Александр Яковенко.

Орусиянын Британиядагы элчиси Александр Яковенко Лондон менен Москва акырындык менен дипломатиялык кызматкерлеринин ишин жандандырууну макулдашканын билдирди. Анын "Россия 24" телеканалына курган маеги 28-декабрда эфирден көрсөтүлдү. Анда орус элчиси "Новичок" жаңжалынан улам иши үзгүлтүккө учураган эки тараптын айрым дипломаттары январь айынан тарта кайра кызматтарына кайта турганын ишара кылды.

"Бул бардык кызматкерлерге кандай таасирин тийгизерин так билбейм. Бирок элчиликтин кызматкерлеринин кеминде жарымы кызматына кайтат",-деди Яковенко.

Элчинин айткандары боюнча расмий Лондон толук маалымат бере элек.

Быйыл март айында Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия "Новичок" химиялык заты менен ууландырылгандан кийин Москва менен Лондондун алакасы кескин солгундап кеткен.

Британия бул окуя боюнча Кремлди айыптап, 23 орус дипломатын өз аймагынан чыгарган. Орусия да буга жооп катары ушунча сандагы британ дипломаттарын өлкөдөн чыгарууну чечкен.

"Новичок" жаңжалынан улам Орусиянын экинчи ири шаары Санкт-Петербургдагы Британиянын башкы консулдулдугу, Британ кеңешинин өлкө аймагындагы кеңселери да жабылган.

XS
SM
MD
LG