Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Өкмөт: Айрым топтор чет элдик компаниялардын ишине тоскоол болуп жатат


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мыйзамсыз миграция жана инвестициялык жагдай боюнча жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Разаков айрым топтордун ишмердүүлүгү өлкөнүн инвестициялык абалына, стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен алакага терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

- Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарт түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым бир маселелер дипломатиялык жол менен гана чечилиши шарт, – деди Жеңиш Разаков.

Жеңиш Разаков коомчулукта көпчүлүк учурда такталбаган маалыматтар жайылып, инвесторлордун келишине, өлкөдөгү чет элдик компаниялардын ишине тоскоолдук жаралып жатканын белгиледи.

Жыйында тийиштүү органдарга мыйзамсыз миграцияны тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

20-декабрда "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди отуз күн ичинде мамлекеттен чыгарууну бийликтен талап кылып акция өткөрүшкөн.

Бирикменин активисттери Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдына акцияга чыгып, Шинжаң аймагында "тарбиялоочу лагерлердеги" ар бир кыргыздын камалган себебин ачык айтууну суранып, элчиликке кат тапшырган. Мындан сырткары акцияда акыркы он жылда чет элдиктерге кыргыз паспортунун мыйзамдуу берилгенин текшерүү үчүн комиссия түзүү талабы коюлган. (TSh)

"Кыргыз чоролору" бийликке талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00

XS
SM
MD
LG