Орусиянын Хабаровск крайында көчкүдөн эки киши каза таап, жети киши куткарылганын жергиликтүү медиа маалымдады.
ТАСС кабар агенттиги 12 киши көчкү алдында калганын, алар 29-декабрда Многовещенский кыштагына жакын куткарылганын маалымдады.
Кырсык алтын казган компаниянын аймагында болгон. Куткарылгандар жергиликтүү ооруканага жаткырылды. (BCh)