Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:46

Кыргызстанда желим баштыкка тыюу салуу сунушталды


Кыргыз өкмөтү полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди колдонууга тыюу салуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуштап жатат.

Буга чейин парламент депутаты Экмат Байпакбаев желим баштык жана идиштерди Ысык-Көлдүн аймагына алып кирүүгө жана колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Ал эми өкмөт мыйзам долбооруна өлкө боюнча тыюу салуу сунушун жолдогон.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш, баштык колдонулары эсептелген эмес. Бирок дүкөндөрдө, базарларда азык-түлүк, кийим-кече менен кошо берилген, сатылган баштыктардан, тамактануу жайларындагы идиштерден улам өлкөдө аны пайдалануу жогорку чекке жеткенин байкоого болот.

Өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Активисттердин эсебинде, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтилен буюмдары түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG