“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 30-декабрда Чүй, Жалал-Абад, Ош аймактарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -0…+5, күндүз +1…6,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…6,
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…9,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…9,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…8, күндүз +1…6,
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13 градус болот.
30-декабрда Бишкек шаарында күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2, күндүзгү жогорку температурасы +2…4 градус жылуу болот.