Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:58

Москва украин аскерлерин бошотууну “кабыл алынгыс” талап деп атады


Немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Эммануэл Макрон Орусияга ноябрь айынын соңунда Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз аскерлеринин баарын эч шарт койбостон бошотуу талабын коюшкан.

Буга Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жооп берип, батыштын талабын “кош стандартуулук”, ал эми Украинаны адам укугун бузууда деп айыптады.

Мекеме орусиялык бир нече кеме украиналык чек арачылар аркылуу кармалганын, "РИА Новости Украинанын" жетекчиси Кирилл Вышинскийдин камалганын белгилеген.

“Украинанын жарандарынын укуктары басмырланууда, айрыкча орустарга жана орус тилдүүлөргө кысым болуп жатат. Мындан сырткары расмийлердин пикиринен айырмаланган башка маалыматтарды таратууга цензура киргизилүүдө”, – деп белгилейт Орусиянын Тышкы иштер министрлиги. Азырынча Киев бул билдирүүгө коментарий бере элек.

25-ноябрда орус тарап Керч кысыгы аркылуу Кара деңизден Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын “агрессия” деп атаган. Орус президенти Владимир Путин бул окуяны Киевдин "чагымы" деп мүнөздөп, кармалган украин аскерлеринин тагдыры тергөөнүн жыйынтыгына жараша чечилерин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG