Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:09

Коррупцияга шектелген Адамкул Жунусов ооруканада жатат


Мамлекеттик бажы кызматынын коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду 2019-жылдын 4-февралына чейин камакка алуу чечими чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Адамкул Жунусовдун ден соолугу начарлап №1 шаардык ооруканага жаткырылган. Ага 29-декабрда көчмө сот отуруму уюштурулду.

Адамкул Жунусов 28-декабрда Кыргызстанга алып келинген. 10-декабрда Азербайжандын соту аны Кыргызстанга экстрадиция кылуу жөнүндө чечим чыгарган. Декабрдын башында Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөнүн жазып чыккан.

Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда. Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Финансы полициясы Адамкул Жунусовго август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG