Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:10

Египет полициясы экстремисттердин базасына рейд уюштурду


Египетте полиция экстремисттердин базасына рейддерди уюштурду. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, рейддердин жыйынтыгында кырк киши өлтүрүлдү.

Операциялар Гиза районунда жана Синай жарым аралында ишемби күнү эртең менен жүргүзүлдү. Гизада отуз, Эль-Ариште он экстремист жок кылынды. Полициянын маалыматында экстремисттер туристтер көп топтолгон жерлерге жана чиркөөгө, аскер кызматкерлерине чабуул уюштурууга даярданып жатышкан.

Буга чейин Египетте туристтик автобус жарылып, Вьетнамдын жарандары жана жергиликтүү гид набыт болгон. Жараат алган 11 кишинин көпчүлүгү вьетнамдык туристтер болгон.

Жардыруу жума күнү кечинде Гиза пирамида комплексине болжолдуу төрт чакырым жакын аймакта болгон. Колго жасалган жардыруучу зат жолдун жээгине жайгаштырылып, автобус өтүп бара жатканда жарылган. Андан автобустун бир капталы талкаланган. Бул - Египетте бир жылдан бери туристтерди бутага алган алгачкы чабуул. (TSh)

XS
SM
MD
LG