28-декабрда Швециянын прокуратурасы теракт жасоону пландаган деп шектелип жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн үч жаранына айыбын угузду. Бул тууралуу "РИА новости" агентиги кабарлады. Өлкөнүн прокуратурасы шектүүлөр пландаган теракт ишке ашып калса, көптөгөн жоготууларга алып келмек деп маалымдаган.
Шектүүлөр “адамдарды өлтүрүү максатында ири өлчөмдөгү химиялык жана башка заттарды сактап жүргөн” деп айыпталууда. Терактты пландоого шектелип жалпысынан алты киши кармалган. Аларга “терроризмди каржылаган” деген айып коюлуп жатат.
Маалыматка ылайык, кармалгандар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна акча жөнөтүшкөн. Бирок кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышкан жок.
Сот отуруму 2019-жылдын 7-январына белгиленди. Учурда Швеция алардын миграциялык статусун текшерип жатат. Ал эми жергиликтүү "Dagens Nyheter" гезити кармалгандар Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары экенин кабарлашууда. Алар Швеция соту өмүр бою эркинен ажыраткан өзбекстандык Рахмат Акилов менен байланышта болгон деп шектелүүдө.
Азырынча Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча комментарий бере элек. (TSh)