Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

"Манас ордонун" кызматкерлери жетекчиликке каршы митингге чыгышты


"Манас ордонун" нааразы кызматкерлери.
"Манас ордонун" нааразы кызматкерлери.

Таластагы “Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчисин кызматтан алууну талап кылып бүгүн, 31-декабрда 60тай жергиликтүү тургун облустук администрацияга келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын катышуучуларынын бири Шамил Мурат билдирди.

Чогулгандар “Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчиси Ормош Чоюнбаевдин жүрүш-турушуна нааразы болуп, аны кызматтан кетирүүнү талап кылып жатышат. Алардын арасында комплекстин кызматкерлери да бар.

- Биздин койгон талабыбыз - менин жеке талабым эмес. Жалпы айылдын талабы. Пенсия курагындагы адам 14 жылдан бери иштейт. Кызматкерлерди ар кандай кысымга алат. Маселен, мени 15 кызматкердин көзүнчө оозго алгыс сөздөр менен басмырлап, сөгүп, аброюма шек келтирген. Ошондон улам мен азыр дарыланууда жатам. Баарына орой мамиле кылат. Бирок көбү корккондуктан ачык айтып чыкпайт. Себеби жумуштан кетип калуудан коркот. Буга чейин аны менен айтышкан кызматкердин баарын жумуштан алып келген. Мындайча айтканда хандын жашоосуна өтүп алган. Баш көтөргөндүн баарын жөн койбойт, - деди комплекстин музейдеги илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев.

Бирок мындай дооматтарды комплекстин жетекчиси Ормош Чоюнбаев четке кагууда. Чогулгандарды өкмөттүн аймактагы өкүлү Марат Мураталиев кабыл алып, талап тууралуу жакынкы күндөрү өкмөт башчыга кайрылаарын билдирди.

Буга чейин "Манас ордо" улуттук комплексиндеги музейдин директору Асан Жунушалиев жетекчиликтин кысымына туш болгонун айтып чыккан. Буга байланыштуу ал 17-декабрдан тартып иш таштаганын “Азаттыкка” билдирген. (AlS)

XS
SM
MD
LG