Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Трамп Сириядан АКШ аскерлерин чыгаруу процессин басаңдатат


Дональд Трамп Ирактагы америкалык аскерлер менен. 27-декабрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Ирактагы америкалык аскерлер менен. 27-декабрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлерди Сириядан чыгарып кетүү жараянын басаңдатуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аны менен жолугушуп чыккандан кийин республикачы сенатор Линдси Грэм маалымдады. Ошол эле кезде Трамп Сириядан аскерлерди чыгаруу тууралуу баштапкы чечиминен кайтпай турганын билдирген.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, Трамп Сириядан аскерлерди чыгаруу боюнча көз карашын өткөн жумада Иракка баргандан кийин өзгөрткөн. Анда АКШ президенти аймакта “Ислам мамлекети” террордук тобу али жеңиле элек экенин айткан аскер жетекчилери менен жолугушкан.

19-декабрда Дональд Трамп эки айдын аралыгында Сириядан америкалык аскерлер чыгарыла тургандыгын жарыялаган. Анын бул кадамын АКШнын өнөктөштөрү жана конгрессмендер сындап, коргоо министри Жим Мэттис бул чечимди колдобой тургандыгын билдирип, кызматынан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG