Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Ингушетияда белгилүү диний ишмерди атып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Диний ишмер Ибрагим Белхароевдин автоунаасын Назрани шаарында белгисиз адамдар 31-декабрга караган түнү аткылашкан. Окуяда ал өзү курман болуп, айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кавказ кызматынын кабарына караганда, Ибрагим Белхароевге буга чейин да эки жолу, 2008-жылы жана 2016-жылы кол салуу болуп, анда ал аман калган.

Ибрагим Белхароев - Кавказдагы XX кылымдын башындагы белгилүү суфий аалымы, Батал ажы Белхороевдин чөбөрөсү. Ибрагим өзү расмий диний билим алган эмес. Белхороевдер Кавказда суфизмдин жактоочулары саналат.

Суфизм - IX кылымдарда жаралган исламдагы өзгөчө багыт. Ал Кавказда жана Борбор Азияда кеңири жайылган. Исламдын фундаменталдык багыттарын карманган экстремисттик уюмдар суфийлерди "динди бурмалайт" деп сындап келишет.

XS
SM
MD
LG