Жаңы жыл түнү Бишкекте “Тез жардам” кызматына 333 киши кайрылды. Алардын ичинен Ала-Тоо аянтынан 12 жолу телефондон билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.
- Борбордук аянтта бир киши жүрөгү ооруп ооруканага жеткирилген, “анын абалы жакшы” деп айтышты. Бир баланын бетинин тушуна жардыргыч жарылган. Анын жаракаты жеңил эле болгондуктан жеринен эле жардам көрсөтүлгөн, - деди ал.
Андан тышкары, жол кырсыгында жабыркаган үч киши ооруканага жаткырылды. (BTo)