Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Кылмыштардын бирдиктүү реестри иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 1-январдан тартып Кыргызстанда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштаганын кабарлады.

Алгачкылардан болуп аталган реестрге борбордогу Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган жол кырсыгы киргизилген. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына түнкү саат 12:03дө түшкөн.

Буга чейин Кыргызстандын мыйзамдарында "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, сотко чейинки өндүрүш маалымат бирдиктүү реестрге кирген учурдан башталаары айтылган.

Өкмөт бул чара жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоого багытталганын, процесстин катышуучулары сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарында жактоочунун кызматтарын колдоно аларын билдирген.

Реестрди киргизүү үчүн Башкы прокуратурага 102 млн. сом, Ички иштер министрлигине 6 млн. сом, Жаза аткаруу кызматына – 21 млн. сом бөлүнгөн.

Бүгүнтөн тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштеп баштады. (BTo)

XS
SM
MD
LG