Магнитогорскидеги кырсыктын курмандыктарынын саны сегизге жетти. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС агенттиги жергиликтүү бийликке таянып кабарлады.
Кыйраган үйдүн дагы бир ыптасы түшүп кетүү коркунучунан улам 1-январдын таңында издөө-куткаруу иштери токтотулганы маалым болгон.
Челябинск облусунда 2-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Аймакта көңүл ачуучу бардык иш-чараларды токтото туруу сунушталды.
Магнитогорскидеги көп кабаттуу үйдүн бир подьезди толугу менен 31-декабрдын таңында болгон жарылуудан урап түшкөн. 36 кишинин дайыны дагы эле белгисиз. Баштапкы маалыматтарга караганда, кырсыкка газ түтүгүнүн жарылуусу себеп болгон.
Орусиянын президенти кырсык болгон жерге барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Владимир Путин ошондой эле ооруканага барып, кырсыктан жабыркагандардын саламаттыгынан кабар алды. Орусиянын Тергөө комитети “Байкоосуздан адам өлүмүнө себеп болуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Магнитогорск шаары Москвадан 1700 чакырым аралыкта жайгашкан.