Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Ажылык сапарга барчуларды каттоо 9-январда башталат


Зыяратчылар. 2018-жыл.

Быйыл ажылык сапарына бара тургандарды каттоо 9-январда башталып, 31-январга чейин уланат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлагандай, талапкерлерди каттоо бир гана биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

Жарандар алгач РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанцияны алышы керек. Анын негизинде алар Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда катталат.

Ажылык сапарга барыш үчүн электрондук каттоого тургандарга да бир катар талаптар коюлган. Аларда 2020-жылдын 31-январына чейин жарактуу болгон жалпы жарандык паспорту болушу абзел. №086 формасындагы медициналык тактама талап кылынат. Ушул өңдүү дагы 13 талап бар.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5 485 квота берди. Былтыр да ушунчай эле квота бөлүнгөн. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG