Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Жол эрежесин бузгандар төлөчү айыппулдун өлчөмү көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү көбөйдү.

Бул эрежелердин негизинде айрыкча мас абалда машине айдагандарга салынчу айыппулдун өлчөмү арбыды. Мындай учурда мас айдоочуларга 17 500 сом айыппул салынат.

Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат.

Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандар 300 сом, мас айдоочулар 10 миң сом айып тартып келген.

Жаңы жылдан кийин эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырыла турганы айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG