Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:17

Магнитогорск шаарындагы жарылуу теракт катары мүнөздөлгөн жок


Магнитогорск шаарындагы урап түшкөн имарат. 2-январь, 2019-жыл.
Магнитогорск шаарындагы урап түшкөн имарат. 2-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети Магнитогорск шаарындагы бир нече кишинин өмүрүн алган жарылууну теракт катары мүнөздөгөн далилдер жок экенин билдирди.

"Медиа каражаттарындагы бир катар маалыматтарга байланыштуу айтып коюшубуз керек. Иликтөөнүн азыркы этабында урандылардын алдынан жардыруучу заттардын же алардын бөлүктөрүнүн изи табылган жок", - деп айтылат Тергөө комитетинин 1-январдагы билдирүүсүндө.

31-декабрда Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын бири жарылуудан улам урап түшүп, андан каза тапкандардын саны 13кө жетти. Дагы 30дай кишинин дайыны чыкпай жатат. Тергөө комитети бул окуяга үйдө газдын жарылышы себеп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Магнитогорск шаары жайгашкан Челябинск облусунда 2-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG