Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Украинанын чыгышындагы кармаштан эки аскер мерт болду


Украинанын чыгышындагы Донецк аймагы.
Украинанын чыгышындагы Донецк аймагы.

Орусия колдогон жикчилдер менен расмий Киевдин ортосундагы ок атышпоо тууралуу жаңы макулдашууга карабастан, Украинанын чыгышындагы кармашта эки украин аскери мерт болду. Дагы эки жоокер жарадар болгонун Украинанын Коргоо министрлиги 2-январда билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жикчилдер 1-январда ок атып, граната жана снаряд чабуулдарын уюштуруп, макулдашууну үч жол бузган. Украинанын өкмөттүк күчтөрү буга жооп кайтарып, жикчилдердин бир өкүлүн жок кылышкан. Кеминде төрт жикчил жарадар болгон. Бирок жикчилдер, тескерисинче, "Киевди ок атышпоо тууралуу макулдашууну бузду" деп айыптап жатышат.

Украин күчтөрү менен жикчилдердин ортосундагы жаңы макулдашуу 29-декабрда күчүнө кирген эле.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрель айынан бери токтобой келе жаткан куралдуу кармаштардан 10300дөн ашык адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG