Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Ички иштер министрлиги Интернетте мониторинг жүргүзүүдө


"Хизбутчу" деп шек саналган адамдын үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар. Сүрөт буга чейинки операцияларда, Кара-Сууда тартылган.
"Хизбутчу" деп шек саналган адамдын үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар. Сүрөт буга чейинки операцияларда, Кара-Сууда тартылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги радикал топтордун Интернетте, социалдык тармактарда кылган аракеттерин көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мониторинг радикал уюмдардын чагымчыл жана бөлүп-жаруу аракеттерине бөгөт коюу максатын көздөйт.

Кыргызстанда жыл башында экстремизм менен терроризмди жайылтат деп эсептелген 150дөн ашуун интернет-булактын ишине бөгөт коюлган.

Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу Кыргызстанда тыюу салынган террордук топторго тиешелүү. Диний эксперттер жана укук коргоо органдары элди террордук топторго социалдык тармактар, сайттар аркылуу азгыруу уланып жатканын айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG