Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Кытайдын лидери Тайвань маселеси боюнча эскертүү жасады


Кытайдын лидери Си Цзиньпинь.
Кытайдын лидери Си Цзиньпинь.

Расмий Бээжин Тайвань менен Кытайдын тынч жол менен биригишине каршы турган күчтөргө "бардык керектүү чара көрүү" мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпинь 2-январда билдирип, биригүү жараяны акыры ишке ашаарынан күмөн санабай турганын айтты. Ал эки тараптын элин бул максатты орундатыш үчүн аракет кылууга чакырды.

"Тайвандагы мекендештердин басымдуу бөлүгү бул аймактын өз алдынчалыгы Тайвандын өзүнө чоң бүлгүн салаарын так түшүнүүгө тийиш. Эл Тайвандын эгемендигин сүрөгөн жикчилдерге чечкиндүү түрдө каршы турушу керек", - деди Кытайдын лидери.

Андан бир күн мурда Тайвандын президенти Цай Инвэнь Кытайды эки тараптын ортосундагы маселелерди тынч жол менен чечүүгө үндөгөн.

"Мен Кытайды "Тайвандагы Кытай Республикасы" (Тайвандын расмий аталышы) бар деген реалдуулукту түздөн-түз кабыл алууга чакырам", - деп билдирген Цай Инвэнь.

Ал Кытай Тайвандын саясий жана социалдык өнүгүшүнө кийлигишип жатканын айтып, муну өзү башкарган арал туш болгон "учурдагы чоң кыйынчылык" деп мүнөздөгөн.

Бээжин Тайвандын ишине кийлигишпегенин билдирип жүрөт.

1949-жылы Чан Кайши жетектеген кытайлык улутчул күчтөр жарандык согушта коммунисттерге утулуп калгандан кийин Кытайдын түштүк-чыгыш ыптасындагы Тайвань аралына качышкан.

Тайвань Кытайдан көз каранды эмес экенин расмий жарыялабаса да иш жүзүндө өз алдынча иш алып барып келатат.

Кытай Тайванды өз алдынча субъект катары тааныган эмес. Эки тараптын ортосунда расмий тынчтык келишимине да кол коюлган эмес.

XS
SM
MD
LG